Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 22.09.2019 12:07

Улуттук көчмөндөр оюндары: Салбурун боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү

Turmush -  Талас шаарында Р.Алканов атындагы ат майданда 20-сентябрда салбурун боюнча финалдык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын программасына бүркүт салуу, далба ойнотуу тайган жарыш, жөө жаа атуу, атчан жаа атуу оюндары кирген.

Салбурун боюнча мелдешке өлкөнүн аймагынан 52 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Далба ойнотуу боюнча:

1-орун Абдыкадыров Түгөлбай, Ысык-Көл облусу, байге фонду 6000 сом;

2-орун - Бейшебеков Нурсейит, Талас облусу, 4500 сом;

3-орун - Турганбаев Мирбек, Ош облусу– 3500 сом.

Тайган жарыш боюнча:

1-орун - Карабаев Мухиддин, тайгандын каймана аты Кыл-Жейрен, Талас облусу, байге фонду 6000 сом;

2-орун Көлбаев Нурсултан, Учар, Ысык-Көл облусу - 4500 сом;

3-орун - Муратбек уулу Жээнбек, Кер-Билек, Нарын облусу - 3500 сом.

Жөө жаа атуу боюнча аялдар арасында:

1-орун - Төрөгелдиева Седеп, Чүй облусу - 6000 сом;

2-орун - Садырова Асель, Бишкек шаары 4500 сом;

3-орун - Токторбай кызы Бүбүсара, Ош облусу - 3500 сом;

Жөө жаа атуу боюнча эркектер арасында:

1-орун - Нурадил уулу Ынтымак, Талас облусу - 6000 сом;

2-орун - Акунов Азамат, Ысык-Көл облусу - 4500 сом;

3-орун - Ногойбаев Рустам, Бишкек шаары - 3500 сом.

Атчан жаа атуу боюнча:

1-орун - Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу – 8000 сом;

2-орун - Бейшебеков Нурсейит, Талас облусу – 6000 сом;

3-орун - Акматова Аида, Ош шаары – 5000 сом.

Бүркүт салуу боюнча:

1-орун - Айбашов Дайырбек, Ош шаары - 6000 сом;

2-орун - Карыпбеков Акылбек, Ысык-Көл облусу - 4500 сом;

3-орун – Калилов Мирлан, Чүй облусу - 3500 сом.

Жалпы командалык эсеп боюнча:

1-орун – Ысык Көл облусу

2-орун – Талас облусу

3-орун – Ош шаары

4-орун – Чүй облусу

5-орун – Нарын облусу

6-орун – Бишкек шаары

7-орун – Ош облусу

8-орун – Баткен облусу

9-орун – Жалал Абад облусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×