Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 21.09.2019 21:41 На русском

Президент С.Жээнбеков Таласка келди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда кечинде Улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Талас облусуна келди.

Маалым болгондой, өлкө башчы «Манас-Ордо» улуттук комплексинин аймагында өткөрүлүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» театралдык көрсөтүүгө катышып жатат.

Иш-чарага катышуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, депутаттар келишкен.

Коноктордун арасында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү бар. Эртең менен келген Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко этно шаарча менен таанышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×