Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 21.09.2019 14:28

Улуттук көчмөндөр оюндары: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майданда 20-сентябрда эр эңиш боюнча мелдеш өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ага 7 облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар катышты. Нарын облусунан барган команда 2-орунду камсыз кылды. Жеңүүчүлөр ардак грамота, акчалай сыйлыктарды алышты.

Кыргыз күрөш боюнча 1-орунду Талас облусу, 2-орунду Нарын облусу, 3-орунду Ош облусу алды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 кг салмакка чейин:

1-орун – Акылбек Сагынбаев, Талас облусу – 10 миң сом;
2-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу – 6 миң сом;
3-орун – Шакир уулу Кайрат, Чуй облусу - 4 миң сом.

70 кг салмакка чейин:

1-орун – Бузурманкул уулу Калыбек, Чуй облусу - 10 миң сом
2-орун – Темирбек уулу Чолпонбай, Нарын облусу - 6 миң сом;
3-орун – Жээналы уулу Жениш, Ош облусу - 4 миң сом.

80 кг салмакка чейин:

1-орун – Мунур уулу Амантур, Талас облусу - 10 миң сом,
2-орун – Бердибек уулу Ислам, Нарын облусу - 6 миң сом
3-орун – Саламат Омуралиев, Бишкек шаары - 4 миң сом

90 кг салмакка чейин:

1-орун – Адилет уулу Кумар, Жалал-Абад облусу - 10 миң сом
2-орун – Маратбек Алтымышев, Талас облусу- 6 миң сом
3-орун – Турдукул Абдрахманов, Ош облусу - 4 миң сом

90 кг салмактан жогору:

1- орун – Кумушбек Кыдыралиев, Талас облусу - 10 миң сом
2-орун – Баймырза уулу Илгиз, Жалал-Абад облусу - 6 миң сом
3-орун – Марат Кулуев, Ош облусу - 4 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×