Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 21.09.2019 13:04

Улуттук көчмөндөр оюндары: Нарындык балбандардын жеңиши

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарында 20-сентябрда өткөн кыргыз күрөшү боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 7 облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан жалпы 63 балбан катышып, 7 салмак категория боюнча күч сынашты. Нарын облусунан барган 7 балбан байгелүү орундарга ээ болушту.

60 кг салмакка чейинки балбандар арасындагы мелдеште 1992-жылы туулган Урмат Нарынбеков 2-орунду ээлеп, 3000 сом сыйлыкка татыды. 84 кг салмакка чейинки балбандар арасындагы мелдеште 1992-жылы туулган Эсенбек уулу Шатман 3-орунду ээлеп, 2000 сом менен сыйланды.

Ал эми 96 кг салмакка чейинки балбандар арасындагы мелдеште 1996-жылы туулган Эсенбек уулу Тамчы 3-орунду багындырып, 2000 сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×