Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 20.09.2019 18:20 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: Кыргыз күрөштө 63 балбан күч сынашууда

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөш боюнча жети облус жана Бишкек, Ош шаарларынан жалпы 63 жигит күч сынашууда. Алар салмактарына жараша командага бөлүнүп беттешүүдө.

Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевдин айтымында, мелдешке жалпы 9 команда келишкен.

«Жалпы 63 балбаныбыз күч сынап жатышат. Бул мелдеш тандоо тур деп айтсак болот. Мында Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына курама команда тандалат. Оюн кызуу жүрүп жатат. Азыр залда көрүүчү көп. Балбандар ар бир облустан тандалып келген. Бул оюнда жеңүүчү болгондор Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча курама командасына мүчө боло алат.

Кыргыз күрөшүнүн келечеги алдыда. Биз дагы дүйнөгө чыгып алдык. Эми Азия чемпионатын өткөрөбүз деп жатабыз. Көчмөндөр оюндары элди ынтымакка чакырат. Ар бир кыргыз жараны бул оюндардын өнүгүүсүнө салымын кошушу керек», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×