Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 20.09.2019 11:07

Улуттук көчмөндөр оюндары: Талас менен Чүйдүн көк бөрүчүлөрүнүн таймашы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майданда Талас облусу менен Чүй облусунун командаларынын ортосунда көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, ат майданда 2000 көрүүчүгө орун даярдалган.

«Бүгүн оюндун жарым финалы өтүүдө. Азыр Таластын командасы менен Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы ойноп жатат. Оюн өтө кызуу жүрүүдө. Бүгүн финалда беттеше турган командалар аныкталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×