Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2019 17:21

Улуттук көчмөндөр оюндары: Нарындын ордочулары кимдер менен беттешет?

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү жана ордо оюну боюнча мелдеш өтүүдө.

Ордо оюнунда ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан жалпы 9 команда ат салышууда.

«23-24-августта тандоо туру өтүп, андан тандалган 8 оюнчу келди. Бул оюнчулар апрель айында өткөн Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду камсыз кылышкан. Бүгүнкү атаандаштарыбыз дагы күчтүү командалар. Биз Ош облусу, Ош шаары жана Бишкек шаарынан келген оюнчулар менен беттешебиз. Ага 18 жаштан жогору болгон оюнчулар катышууда.

4 оюнчу Жумгалдан, 2 оюнчу Ат-Башыдан, 2 оюнчу Нарын районунан тандалган. Буюрса татыктуулар жеңет деп ишенем. Бардык оюнчуга ийгилик каалайм», - дейт Ордо федерациясынын Нарын облусундагы жетекчиси Жолдубай Сүйүмбаев.

Ордо федерациясынын калыстар командасынын мүчөсү Улан Касымалиевдин айтымында, мурун бир командада 10 оюнчу болсо, бул жолкусунда 8 оюнчу ойнойт.

«Бүгүн ордонун алгачкы беттештери болуп жатат. Командалар күчтүү болуп, жакшы оюн көрсөтүшүүдө. Жети облустан 7 команда жана Ош шаары менен Бишкек шаарынан бирден команда ат салышат.

7 оюнчуга бештен чүкө салынат. Ал үч оюн болуп эсептелинет. Чүкө азайган сайын оюн кыскара берет. 21-сентябрда финал болуп, андан соң жыйынтыкталат», - дейт ал.

Улан Касымалиев бул оюнга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын, оюнга көңүл бурулса көк бөрүнүн деңгээлине чыгарын кошумчалады.

«Бул оюнду кыргыз элинен башка эч ким ойношпойт. Ордо оюнун дагы көк бөрү оюнунун деңгээлине жеткирүү керек деп ойлойм. Мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулса, бул оюн дагы таанымал болмок. Оюнчуларыбыз да шыктанмак. Азыр оюнга 40 жашка чейинкилер тартылып жатат. Бирок кызыккандар мурункудан өтө эле аз. Муну жайылтууну айылдардан башташ керек», - дейт ал.

Нарындын ордочулары:

- Эсен уулу Эркинбек;
- Ардакбек уулу Темирлан;
- Тукешов Алтынбек;
- Аманбеков Камчыбек;
- Токтоболот уулу Алымбек;
- Тариел уулу Талгатбек;
- Боргемиков Кайрат;
- Абакиров Жаныбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×