Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2019 15:10

Улуттук көчмөндөр оюндары: Баткендик көк бөрүчү оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жеткирилди

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы оюн учурунда баткендик көк бөрүчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынан келген тез жардам бөлүмүнүн дарыгери Болот Абдылдаев билдирди.

Маалыматка караганда, ал мойнунан жаракат алды.

«Биз бул оюн талаасына келгенибизге 3 күн болду. 3 күндөн бери орчундуу эч нерсе деле болгон эмес. Бүгүн оюнда бирөө аттан кулап, мойнунан жаракат алып, ооруканага жеткирип келдик. Ал Баткен командасынын оюнчусу экен. Баш мээси чайкалган жана моюн сөөгү сынып кетиши мүмкүн деген диагноз коюлган. Толук текшерүүдөн өткөн соң гана так айтууга болот», - деди ал.

Буга чейин 17-сентябрда да Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча мелдеште улакчы аттан кулап, жаракат алганы кабарланган.

«Биз бүгүн эле келдик. 6 дарыгер келгенбиз. Жалпы 5 тез жардам унаасы кызматта турат. Бизге бүгүн көк бөрү оюнунда аттан кулап, кабыргасы сынган оюнчу түштү. Биз ооруну сездирбей турган ийнелерди сайып, жаракатын таңып бердик. Оюнчу ооруканага баруудан баш тартып, кайрадан оюнга чыгып кетти», - деген болчу дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×