Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 18.09.2019 22:34

Улуттук көчмөндөр оюндары: Төрт тогуз коргоолчу Нарындын намысын коргоп жатат

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндарынын тогуз коргоол боюнча мелдеши башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 36 спортчу катышууда. Анын 18и мырза болсо, калганы кыз-келиндер. Ал эми Нарын облусунун намысын Ат-Башы районунан гана тандалып алынган 4 оюнчу коргоп жатат.

Алар:

- Жолдошбек кызы Мираж;
- Аманалиева Айдай;
- Дүйшөналиев Токтор;
- Жапаркулов Адил.

Машыктыруучусу — Жумамүдүн Курмангалиев.

Бул мелдеш Швейцариянын эрежеси менен өтөт.

«Ар бир катышуучу жети оюнга катышат. Жалпы суммасы кошулуп, командалык эсеп чыгат. Бул оюнда күчтүүлөр беттешүүдө. Алардын жаш өзгөчөлүгү каралган эмес. Ар бир облустан эки эркек, эки кыз катышууда», - дейт Тогуз коргоол федерациясынын Талас облусундагы башчысы Керимбек Өмүралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×