Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 17.09.2019 16:55

Улуттук көчмөндөр оюндарына Таластан ыктыярчы 150 студент тартылды

Turmush -  Кечээ, 16-сентябрда башталган Улуттук көчмөндөр оюндарына Таластан 150 ыктыярчы даярдалды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Максат Кутманбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 21-сентябрга чейин уланат. Уюштуруу иштерине жардам берүү үчүн Талас облусунун жогорку окуу жайларынан 150 студент ыктыярчы алынган. Алар өз ыктыяры менен топтолушту. Студенттер атайын 4 күндүк окутуудан өтүп, биринчи жардам көрсөтүүнү, туристтер менен иштөөнү үйрөнүшкөн. Бүгүнкү күндө Р.Алканов атындагы ат майданында 30 ыктыярчы иштеп жатат. Калган 120 ыктыярчы «Манас Ордо» комплексинде иш алып барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×