Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 17.09.2019 14:40

Таластагы көк бөрүдө кабыргасы сынган улакчы ооруканага баруудан баш тартып, кайра оюнга кирди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 17-сентябрда Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча мелдеште улакчы аттан кулап, жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын дарыгери Замир Молдокулов билдирди.

Анын айтымында, көк бөрү өтүп жаткан Р.Алканов атындагы ат майданда 5 тез жардам унаасы, дарыгерлер кызмат кылып жатат.

«Биз бүгүн эле келдик. 6 дарыгер келгенбиз. Жалпы 5 тез жардам унаасы кызматта турат. Бизге бүгүн көк бөрү оюнунда аттан кулап, кабыргасы сынган оюнчу түштү. Биз ооруну сездирбей турган ийнелерди сайып, жаракатын таңып бердик. Оюнчу ооруканага баруудан баш тартып, кайрадан оюнга чыгып кетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×