Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 18:41 На русском

Сүрөт: Таласта Көчмөндөр оюндарына карата 30 млн сомго оңдолгон ат майдан

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда Талас шаарында Р.Алканов атындагы ат майдандын курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен ат майданды жасалгалоо, электр тогун тартуу, тазалоо иштери аягына чыкты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 19-июлда Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев Көчмөндөр оюндарына карата Р.Алканов атындагы ипподромду оңдоп-түздөө иштерине 30 млн сом бөлүнгөндүгүн кабарлаган.

Маалыматка караганда, спорттук оюндар Талас шаарында жайгашкан Р.Алканов атындагы ипподромдо өтүп, көрүүчүлөргө 2000 орун даярдалмак.

Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен ипподром толугу менен даяр болбой, Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча таймаштар саат 16:00дө башталмак болгон.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова оюндар саат 16:00дө башталмак болгондугун билдирген.

«Бизде спорттук таймаштарга катышуучу оюнчулар стартта турган. Негизи мелдештер саат 10:00дө башталмак. Ипподром даяр болбогону үчүн оюндар саат 16:00гө жылдырылды. Бирок программадагыдай эле бүгүн көк бөрү боюнча 3 оюн болот. Биринчи болуп Ош менен Нарындын командалары, экинчи Бишкек менен Ысык-Көлдүн командалары, үчүнчү Чүй менен Баткендин командалары ойношот», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×