Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 18:12

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары: Ат майданда жеке адамдар курган ажатканаларга кирүү үчүн 10 сомдон акы алынып жатат

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Р.Алканов атындагы ат майданда курулган ажатканаларга кирген адамдардан акы алынып жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, оюндарга карата ажатканалардын курулушу бүтпөй калып, жеке адамдар тарабынан 20дан ашык ажаткана курулган. Бул маалыматты куруучулар дагы тастыктады. Бирок аталган ажатканаларга кирүү акысы 10 сомдон болуп жатканы конокторду нааразы кылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×