Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 18:00

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таластагы спорттук мелдештерге 700 спортчу, 63 калыс катышууда

Көк бөрү
Көк бөрү

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук мелдештер башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, улуттук оюндар боюнча таймаштарга Кыргызстандын 7 облусунун өкүлдөрү катышат. Бүгүн көк бөрү боюнча мелдеш башталды. Финалдык таймаш 21-сентябрда өтөт. Оюндарга жалпы 700 адам, 63 калыс катышып жатат. Маданий бөлүктөгү иш-чараларга 2000 адам тартылат. 18-сентябрда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган этнобазар уюштурулат.

Саамалыктын маданий бөлүгү 19-сентябрда «Манас Ордо» комплексинде башталып, оюндар 21-сентябрда аяктайт. Анда миңдеген ыктыярчылардын жардамында сахналаштырылган «Көчмөндөр ааламы» көргөзмөсү уюштурулат.

21-сентябрдагы салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, парламенттин депутаттары, өкмөт башчы, чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катыша турганы күтүлүп жатат. Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү «Манас Ордо» комплексинде, ат оюндары Р.Алканов атындагы ипподромдо, күрөш жана башка спорттук мелдештер «Газпром» спорт комплексинде өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×