Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 17:11

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таластагы ипподромго 5 миңдей унаа келди. Видео

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дө Таластагы Р.Алканов атындагы ат майданында Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча таймаштар башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Достук Абдраимовдун айтымында, ипподромго бүгүн 5 миңдей унаа, 30 миңдей адам келди. Алардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатат.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дө Таластагы Р.Алканов атындагы ат майданында Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча таймаштар башталды.

Маалым болгондой, биринчи Ош облусу менен Нарын облусунун командалары күч сынаша баштады. Экинчи Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунун командалары, үчүнчү Чүй облусу менен Баткен облусунун командалары ойношот. Мелдешке миңдеген адамдар күбө болуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×