Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 16:33

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таласта көк бөрү боюнча таймаштар башталды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дө Таластагы Р.Алканов атындагы ат майданда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча таймаш башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, биринчи Ош облусу менен Нарын облусунун командалары күч сынаша баштады. Экинчи Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунун командалары, үчүнчү Чүй облусу менен Баткен облусунун командалары ойношот. Мелдешке миңдеген адамдар күбө болуп жатат.

Оюндун ар бир бөлүгүнөн кийин ат майданга суу чачылып жатат

Окуя тууралуу:

Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова Талас шаарында ипподром толугу менен даяр болбой, Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча таймаштар саат 16:00дө башталмак болгондугун кабарлаган.

«Бизде спорттук таймаштарга катышуучу оюнчулар стартта турган. Негизи мелдештер саат 10:00дө башталмак. Ипподром даяр болбогону үчүн оюндар саат 16:00гө жылдырылды. Бирок программадагыдай эле бүгүн көк бөрү боюнча 3 оюн болот. Биринчи болуп Ош менен Нарындын командалары, экинчи Бишкек менен Ысык-Көлдүн командалары, үчүнчү Чүй менен Баткендин командалары ойношот», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×