Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 16.09.2019 13:23

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таластагы ипподром даяр болбой, оюндар түштөн кийин башталмак болду

Turmush -  Талас шаарында ипподром толугу менен даяр болбой, Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча таймаштар саат 16:00дө башталмак болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

«Бизде спорттук таймаштарга катышуучу оюнчулар стартта турган. Негизи мелдештер саат 10:00дө башталмак. Ипподром даяр болбогону үчүн оюндар саат 16:00гө жылдырылды. Бирок программадагыдай эле бүгүн көк бөрү боюнча 3 оюн болот. Биринчи болуп Ош менен Нарындын командалары, экинчи Бишкек менен Ысык-Көлдүн командалары, үчүнчү Чүй менен Баткендин командалары ойношот», - деди ал.

Учурда дарактарды, темир тосмолорду сырдоо иштери жүрүп жатат

Буга чейин 9-сентябрда Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев Улуттук көчмөндөр оюндарына карата Р.Алканов атындагы ипподромду оңдоо иштери жаан-чачынга карабастан уланып жаткандыгын билдирген.

«Жумуштарды бүтүрүп коюп, бул жерде ишти түнкү саат 01:00гө чейин өзүм көзөмөлдөп жүрөм. Намыс үчүн ишти бүтүрөбүз деп жатабыз. Жаан-чачын тоскоолдугун тийгизсе да иш токтогон жок», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×