Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 13.09.2019 14:54

Таластын кире беришинде 2 млн сомго салынып жаткан арканын курулушу аяктап жатат

Turmush -  Талас шаарынын кире беришинде салынып жаткан арканын курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, арканын жалпы баасы 2 млн 4 миң сом. Улуттук көчмөндөр оюндарына карата иштер максималдуу бат аткарылып жатат. Жол четтерине атайын «Күч биримдиги! Рух биримдиги» деген жазуулар илинүүдө.

Тактама:

Буга чейин 2018-жылдын май айында Таластын кире беришине арка курула баштагандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, Талас шаарынын кире беришиндеги арканы Талды-Булак айылына көчүрүп, ордуна жаңы арка курулуп баштаган. Анын жалпы сметалык баасы 30 миң доллар болгон. Курулуштун архитектору Артык Мураталиев болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×