Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 09.09.2019 12:06

1 жумадан бери изделип жаткан: Таласта 55 жаштагы адам асынып каза болду

Turmush -  6-сентябрда Талас шаарында 55 жаштагы К.Ж. аттуу адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Маалыматка караганда, ал Талас районунун Кум-Арык айылындагы батирде убактылуу жашап жүргөн. Бирок 1 жумадан бери табылбай, жакындары тарабынан изделип жаткан. Анын денеси 6-сентябрь күнү Талас шаарында бош калган имараттардын биринен асылып турган абалда табылды. Денеси таанылгыс болуп шишип кеткен.

Бердике баатыр айыл аймагынан билдиришкендей, бул адам жубайы экөө Кум-Арык айылында жашачу. Өздөрү Кара-Суу айылынын тургундары. 1 жумадан бери табылбай, жубайы издеп жүргөн. Ал белгисиз себептерден улам асынып алган.

Талас РИИБден К.Ж. аттуу жаран дайынсыз жоголгону боюнча билдирүү түшпөгөнүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×