Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 05.09.2019 16:04

Таласта тоо-кен тармагындагы коопсуздуктуу камсыздоо маселеси талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Талас шаарында кен казуучулар тармагынын демилгелүү тобунун Таластагы коомдук кабылдамасы тарабынан тегерек стол өттү. Бул тууралуу аталган коомдук кабылдаманын эксперти Гүлнара Избасарова билдирди.

«Биз бүгүн өзүбүз көзөмөлгө алып, текшерүүдөн өткөн кендер боюнча отчет берип жатабыз. Кен казып алуу тармагында ачык-айкын көзөмөл жүргүзүп, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү, зыянсыз колдонууну камсыздоо жөнүндө маалымат беребиз. Эгерде мыйзамдарды сактабай жаратылышка зыяны келсе, шарттары кандай текшеребиз. Биздин Таласта жүргүзгөн бир иш болду. Талас районунун Чат-Базар айылына ачылат деген Андаш кенин биз катуу кийлигишип, коомдук экспертизадан өткөрүп, учурда мораторий жарыяланып турат. Анын элге, экологияга зыяны көп болчу. Биздин максат — элге туура маалымат берип, кен тармагында коопсуздукту камсыз кылып, атайы эксперттер менен иш алып баруу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×