Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 06.09.2019 09:12 На русском

Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Канат Америкада окуп, модель болуп иштегиси келет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Канат Керимбаевдин боюнун узундугун сурагандар көп. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, келечекте АКШда билим алууну пландап жатат.

«Азыркы учурда боюмдун узундугу 196 см. Үйдө атамдын бою узун болчу. Мурда үйдөн акемдин бою узун эле. Бирок азыр үйдө эң узуну мен. Өзүмдүн боюмду өстүрүү үчүн дары-дармек ичкен эмесмин. Мектепте окуп жүргөн кезде класстын пардасы түшүп калса же электр чырагы күйүп калса иштин баары мага калчу (күлүп).

Акыркы учурда боюма кызыгып, көчөдөн же коомдук унаалардан «боюңдун узундугу канча?» деп сурагандар көбөйдү. Мурда боюмдун узундугуна байланыштуу баскетбол боюнча командада ойноо боюнча сунуштар келген.

Таластагы лицейде окуп жүргөндө ар кандай эл аралык деңгээлдеги дебаттарга катышып жүрдүм. Окууну быйыл кызыл аттестат менен бүтүп, «Ала-Тоо»эл аралык университетине тапшыргам. Бирок кайра ойлонуп, окубай калдым. Америкада окусам деп эңсейм. Сырт жактан моделдик агенттикке атайын чакыруулар келсе иштейт болчумун. Чет өлкөдө окусам, ошол жактан окуу менен бирге жакшы бир моделдик агенттикте иштесемби деп пландап жатам. Кийин IT тармагында белгилүү компанияларда иштегим келет», - деди ал.

Канат мырза үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

07.05.2019Кыргызстандык алптар: 19 жаштагы Нурболот Калыбеков көп учурда унааларга түшпөй жөө жүрөт (сүрөт)
15.05.2019Кыргызстандык алптар: М.Аманкулов айылда кайсы үйгө барбасын эшиктен эңкейип кирет (сүрөт)
17.06.2019Кыргызстандык алптар: М.Кулбортоев жаш кезинде «Жираф» дегендерди сабап койчу (сүрөт)
06.08.2019Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Э.Шекербаевден боюн кандай дары ичип өстүргөндүгүн көп сурашат (сүрөт)
29.08.2019Кыргызстандык алптар: 60 жаштагы Б.Сүеркулов айылындагы эң узун бойлуу адам (сүрөт)
06.09.2019Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Канат Америкада окуп, модель болуп иштегиси келет (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×