Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 02.09.2019 14:30

Таласта атайын рейд уюштурулуп, окуучулардын жолдогу коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатат

Turmush -  Талас облусунда 20-августтан бери «Абайлагыла, балдар» жана «Салам мектеп!» рейддери өтүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Достук Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, бул рейддер 20-сентябрга чейин уланат.

«Рейддин негизги максаты — өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгын болтурбоо. Жаңы окуу жылына карата биздин кызматкерлер эртең менен саат 07:30дан 09:00гө чейин мектептердин алдында кызмат өтөп, окуучуларга жолдон өтүүгө көмөк көрсөтүп, көзөмөл кылууда. Бүгүнкү күнгө чейин 680 протокол түзүлүп, мас абалдагы 7 айдоочу кармалды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×