Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 30.08.2019 12:01

Таласка Оштун делегациясы конокко келди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 30-августта Талас облусуна Ош облусунун делегациясы келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

35 адамдан турган делегацияны баштап келген Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору Бекмурза Зулуевдин айтымында, алар Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулуп жаткан «Ынтымак кербенинин» негизинде келишти. Иш-чаранын максаты — өлкөнүн аймактарындагы акыркы жылдарда болуп жаткан өзгөрүүлөр менен таанышуу.

«Келечектеги пландары менен таанышып жатабыз. Делегациянын катарында ардагерлер, акын-жазуучулар, коомдук ишмер, ардагер, Кудайберди Азимов, Сайракан Юсупова, журналист Зина Пасаңовалар келишти», - деди ал.

Келген конокторду Талас облусунун жетекчилиги кабыл алды. Андан кийин алар «Манас Ордого» барышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×