Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 30.08.2019 09:48 На русском

Айыл турмушу: 48 жылдан бери мектепте иштеген Нурила апа бала кезинен бери ырларды жазып келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 72 жаштагы тургуну Алкожоева Нурила апа 48 жылдан бери мугалим эмгектенип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Чүйдүн Кегети айылында төрөлгөн.

«Мен Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика бөлүмүн аяктап, Талас районунун Үч-Эмчек айылындагы мектепке жолдомо менен келип, мугалим болуп иштеп баштагам. 1970-жылы Рахматалиев Амангелдиге турмушка чыгып, Таласта калдым. 48 жылдан бери Талас шаарындагы №1 орто мектепте физика мугалими болуп, лабораторияны тейлеп келем. Мектеп менин экинчи үйүм. Көп убактым ушул жерде окуучуларым, лабораториядагы эски партада ыр жазуу менен өтөт. 300дөн ашуун ырларым бар. Баары ушул иш бөлмөдө жазылган.

10-класс кезибизде өндүрүштүк бригада деген бар болчу. Анда окуучуларды кызылчада иштетишчү. Кызылчада иштеп бүтүп, үйгө кайтканда жаратылыштын укмуштай кооздугун көрдүм. Ошондо эгер сүрөтчү же акын болуп калсам бул кереметти тартып же жазбайт белем дедим. Ушунчалык суктанып ыр жазгым келип, айылымдын сулуулугу тууралуу ыр жазгам.

Айылымдын керемети

Бир жакшы ыр жазсам деймин айылыма арнап,

Чамам ага келбей жатат, ич ачышат.

Гүл жайнаган тоолоруңду, түздөрүңдү,

Канткенде мен сүрөттөп ачып берем,

Канткенде мен көз алдыма элестетем.

- - -

Мөлтүр кашка туптунук сууларыңды,

Кегетини өрдөп келген желаргыңды.

Тоо бетинде ыргалган жоогазынды,

Апам айтып, мен тыңдаган жомогуңду,

Канткенде мен жеткиликтүү айтып берем,

- - -

Пейили кенен, нан жыттанган айылымдын,

Уйкудан ойгоно албай жатканымда.

Апам келип коюп кеткен алмаларды,

Канткенде мен иреттеп айтып берем.

Ошентип 1964-жылдан тарта ыр дүйнөсүнө аралашып, эргүүлөрдү ыр кылып жазып баштагам. 10-класска чейин бир шиңгил ырларды жазчумун. Бирок эч кимге көрсөтчү эмесмин. Кийин ырларым гезит беттерине чыга баштаганда тартынуу сезимдери жок болду. Ырларымда жаратылыш, мекен, балалык, ата-эне, айтор бардык тематика бар.

Өзүм мугалим болуп, анын түйшүгүн жон терим менен сезгендиктен мугалимдерге арнап жазган ырларым көп. Кийин класс жетекчи болуп калганда классымда канча окуучу болсо ар бирине арнап, мүнөзүнө жараша ыр саптарын жазып бергем.

Бир күнү сабак өтүп жатсам бир окуучум суранбастан эшикке чыгып кетти. Линза жөнүндө теманы өтүп жаткам. Кайра колуна ак түстөгү бир нерсе кармап келди. Линзаны айтып жатканым үчүн балдарга көрсөтөйүн деп эшиктен буюм алып келди окшойт деп ойлоп койдум. Карасам эле арт жакка чалкалап алып, баягыны ичип жатат. Көрсө анысы жумуртка экен. Үйүнөн ачка келген го деп жемелебей тим койдум. Бирок мыкты окуган бала болчу. Мен ал бала үчүн ыр жазып, ата-энеси чогулушка келгенде ырды бергем. Баягы бала ошондон кийин ашыкча жоруктарын токтоткон (күлүп).

Тоок бак Ырыскүл он бешти,

Жумуртка тууп турсун күндө бешти.

Аскар жеп сабакка келе жатып,

Тынч алып сабактардан алсын бешти.

- - -

Каз баккын Ырыскүл жыйырма бешти,

Жумуртка берип турсун күндө он бешти.

Толтуруп кууруп бергин чоң идишке,

Ачкараак болуп турбай тойсун пейили.

Окуучулардын мүнөзүнө жараша дагы ыр жазып берем. Айрымдары таарынып калчу. Себеби алар жаш болгондуктан менин айтканым, басканым туура деген ой менен жүрчү. Ырларым аркылуу өздөрүн күзгүдөн көргөн сыяктуу курч мүнөзүн жумшартууга, кемчилигин оңдоого аракет кылганы көп болду.

Бир классым жакшы окуган, үлгүлүү класс болчу. Алар бир күнү классты жуубай кетишиптир. Коңурбаев деген агай чакырды, ушундай жакшы киши эле, катуу айтчу эмес. «Илгери бирөө «хан казанын көп кармадым, кана казандын көөсү?» деген экен. Эми өзүң эшикти жаап алып, жууп коё бер» деди. Полду жууп бүтүп, эртеси окуучуларымды урушпастан доскага ыр кылып жазып кеттим. Ошондон кийин андай катачылык кетирбей, мектепти бүтүп кетишти (күлүп).

Жаңы иштеп жүргөндө окуучулар тынч алып класста отурушканда атам кирип келип, мени окуучуларым менен көрсө экен деп тилек кыла берчүмүн. Бирок Чүй жеринде болсо кантип келмек эле деп ойлочумун.

Атама

Мен атамдын кызы эле эрке өстүргөн,

Отурчумун жанында ырымды ырдап.

Анда апам жетине албай күлүп жайнап,

«Өмүрүңө береке» дечү жыргап.

- - -

Кичинемин мектепке жаңы баргам,

Ошол жылы кар жааган өтө калың.

Эми кантип кетемин деп турганымда,

Атам келип көтөрүп алган эле.

- - -

Мен болсо сүйлөп коюп, ырдап коюп,

Ырахаттуу термелип баратканмын.

Сабагымдын алгачкысын атама арнаганмын,

Окуучулар кунт коюп угушуп турушканда.

Бир окуучу кыз «мен жөнүндө ыр чыгарып берсеңиз» деп айта берчү. Анда окуучулар жөнүндө ыр жаза элек болчумун. Карап туруп, эч бир нерсе оюма келчү эмес. Баягы окуучу кыз көргөн сайын сурайт.

Бир күнү дүкөндөн баштыктарды көтөрүп чыккам. Ал кезде автобус каттачу. Аны күтүп турсам ары жактан татынакай кыз чыга келди. Көрсө, ал баягы окуучу экен. Мени менен сүйлөшүп туруп, автобус келгенде мени баштыктарым менен автобуска салып коюп, өзү үйүн көздөй жөнөп кетти. Мен анын кетип бара жатканын автобустун терезесинен карадым, көзүмө ушундай жакшы көрүнүп, ошондо эргүү пайда болгон.

Карагым келип көркүңө тоюп,

Карагат көздүү сымбаттуу кызым.

Алдымдан чыгып тоскону сонун,

Автобус келсе түшүрүп коюп.

- - -

Сыпайы басып кеткениң сенин,

Эсимде калды жакшы ойлор келип.

Арууке сындуу, апакай жүздүү,

Ыймандуу кызсың түшүнө билген.

Кыргыздын сендей кыздары бизде,

Көп болсо экен күн болуп тийген.

Бир себеп болбосо оюмдан ыр куралганы кыйын эле. Ушул менин мектептеги куралдарды койгон иш бөлмө ыйыктай сезилет. Ушул жердеги партада ыр жазып келе жатам. Мен курт-кумурскага чейин аяр мамиле кылган жанмын. Аларга дагы арналып көп ырлар чыккан. Бир күнү үйдөн жумушка келе жатсам сууда мажүрүм талдын бутактарынын жанында аппак канаттуу турат, көрсө ал турна экен. Бул эмнеге жалгыз калды деп ойлоп, бул ырды жаздым.

Эмнеге калды жалгыз?

Кыш чилдеси катуу суукта,

Жер бети аппак карда.

Жээги толгон мажүрүм талга,

Бир ажайып өзөн сууда.

Жалгыз турна ошол сууда,

Каранат туш тарапка, болсо керек ачка.

Бүгүн ал учуп жүрөт көрк берип айланага,

Күн нуруна чагылышат апакай бүт турпаты.

Учса учуп алсынчы,

Консоң конуп калчы.

Бирок да тирүү бол,

Сен деле көп жашачы.

Ар бир майрамда мугалимдерге арнап ыр жазып турам. Көчөдө же үйдө жүргөндө сөздөр келет, бирок иш бөлмөмө келгенде барак бетине гана түшүрөм. Бала кезде сүйүү темасында ыр жазган элем. Ал ырымды абышкам окуп алып дептеримди айрып салган. Ошондон бери сүйүү темасында бир дагы ырым жок (күлүп)», - деди ал.

Мугалим апа 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×