Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 23.08.2019 12:11

Талас шаарынын кире беришиндеги арканын курулушу улантылып жатат

Turmush -  Талас шаарынын кире беришинде салынып жаткан арканын курулушу улантылып жатат. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.

Маалым болгондой, курулуш иши жарым жылдан ашык убакыт токтоп калган болчу. Арканын сметалык баасы 2 млн 400 миң сомду түзөт.

«Бул арканы куруу демилгеси менден чыккан. Демилге Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун куруп жаткан ишканага сунушталып, алар куруп берет деп макулдашылган. Ишкана 2018-жылы арканы, жол жээгиндеги тротуарларды да куруп баштап, күз айларында иши токтоп калган. 1 ай убакыт болду, тротуарларда иш уланууда. Аны менен катар Талас шаарынын кире беришиндеги арка да курулуп жатат. Ортомчуларга толук иши бүтмөйүнчө акча которулбайт экен. Көчмөндөр оюндарына деп чогултуп жаткан акчадан 1 млн сом карызга берип жатабыз. Булар бүтүргөн соң бизге акчаны кайтарып беришет. Көчмөндөр оюндарына аз убакыт калгандыктан бул иштерди бүтүрүү үчүн жасалып жатат», - деди ал.

Тактама:

Буга чейин 2018-жылдын май айында Таластын кире беришине арка курула баштагандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, Талас шаарынын кире беришиндеги арканы Талды-Булак айылына көчүрүп, ордуна жаңы арка курулуп баштаган. Анын жалпы сметалык баасы 30 миң доллар болгон. Курулуштун архитектору Артык Мураталиев болчу.

Арканын үлгүсү

Талас арка

Кийин 2019-жылдын февраль айында Марат Мураталиев Талас шаарынын кире беришине былтыр курулуп баштаган 30 миң долларлык арканы быйыл бүтүрүүгө аракеттер көрүлө тургандыгын айткан.

«Мен жаңы губернатор болуп келгенде Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун куруп жаткан компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Талас шаарынын кире беришине арка куруп берүү жөнүндө суранганбыз. Талас облусунун архитектурасы тарабынан эскиздери чийилип даярдалган. Бул компания жолду толук бүтүрүү үчүн келсе, бул арканын иши дагы бүтөт деп турабыз. Бүгүнкү күнгө чейин 30% иши бүткөн. Бул арканын курулушуна мамлекеттик бюджеттен акча каралган эмес. Быйыл каражат таап, бүтүрөбүз деп турабыз», - деген болчу Мураталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×