Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 22.08.2019 10:02

Бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы ыктымал

Turmush -  Бүгүн, 22-августта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 23-24-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×