Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 16.08.2019 17:41

Таласта жеткинчектердин коопсуздугун сактоого багытталган рейд өтүп жатат

Turmush -  Таласта жаш жеткинчектердин коопсуздугун сактоого багытталган атайын рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, 13-августта башталган рейд 18-августка чейин уланат. Анын алкагында 200 протокол түзүлүп, мас абалдагы 2 айдоочу кармалды.

Жеткинчектер арасында жол эрежелерин түшүндүрүү жана үйрөтүү боюнча профилактикалык иштер улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×