Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 09.08.2019 12:23 На русском

Таласта элдин ынтымагы үчүн уй союлуп, түлөө өткөрүлүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Таласта 300гө жакын адам чогулуп, уй союп түлөө өткөрүп жатат. Бул тууралуу «Талас эл ынтымагы» кыймылынын жетекчиси Серен Шейшенов билдирди.

Анын айтымында, түлөө элдин ынтымагы үчүн өткөрүлүүдө.

«Бүгүн Талас шаарында тойканалардын биринде 300 адам чогулуп, түлөө өткөрүп жатабыз. Бул түлөөнү өткөрүү демилгеси 2 күн мурда элден чыкты. Эл курал катары колдонулбашы керек. Туруктуу абалды камсыздоого өзүбүз салым кошушубуз керек. Бул түлөөгө мамлекет тарабынан жардам болгон жок. Эл өзүнүн демилгеси менен өткөрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×