Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 07.08.2019 11:19 На русском

Таластагы үйдө болгон жарылуу: Күбөлөрдүн видеолору

Turmush -  Кечээ, 6-августта Талас шаарындагы үйдө өрт чыгып, жарылуу болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан улам 3 үй жабыр тартты. Алардын ичинде 2 кабаттуу хансарай дагы бар. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталып жатат.

Ал эми куткаруучулардын маалыматына караганда, күйүп кеткен жерде бензин, солярка сатылчу. Кырсыктын кесепетинен коңшу жайгашкан 2 кабат үйдүн ондулин менен жабылган чатыры күйүп калган. Өрт чыккан үйдөн 100дөн ашык газ баллон сыртка чыгарылып, 7 газ баллон жарылып кеткен.

Ал эми Талас шаардык өрттөн куткаруу бөлүмүнүн маалыматына караганда, өрттөн 2 үй күйүп, 1 млн 6 миң сом чыгым болду.

Үйдүн ээси К.М.нын айтымында, сарайдын ичинде 500 литр солярка болгон. Бензин болгон эмес. Өрт унааны аккумуляторун сарайда кубаттагычка сайып койгондон улам келип чыккан. Ал электр тогуна сайылган жер башынан эле чатырап бузук болуп турган. Ал жерден учкун чыккан. Жалпы 1 млн 673 миң 850 сом чыгым болду. Анда 2 үй, (1 үйдүн чатыры, экинчи үй толук) жана 1 сарай күйүп кетти.

(Күбөлөр бөлүшкөн видео)

Окуя тууралуу:

Кечээ, 6-августта Талас шаарынын Ч.Сатаев атындагы көчөдө газ баллон жана бензин саткан үйдө өрт чыккандыгы кабарланган.

Алдын ала маалыматка караганда, өрт саат 13:00дө чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×