Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 24.07.2019 15:30

Таласта унааларынын мамлекеттик номурларын алмаштырып алган айдоочуларга карата рейд өттү

Turmush -  Талас облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 21-июлдан 23-июлга чейин «Номурду тонировкалоо» рейди өттү.

Түзүмдүн маалыматына караганда, рейд учурунда 154 протокол түзүлүп, мас абалдагы 3 айдоочу кармалды.

«Башка номур тагып алган 5 айдоочу кармалды. Мамлекеттик номурду чечип, башка номур тагып алган айдоочуларга 10 миң сом айып пул салынат. Бул рейддин максаты — номурларды алмаштырууга тыюу салуу. "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде камерага башка номур түшүп, айып пулдар такыр башка адамдарга барып калып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×