Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 16.07.2019 15:11

Жаш талант: 14 жаштагы Темирлан чет өлкөлөргө чейин барып, эр таймаштарга чыгууда (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 14 жаштагы тургуну Темирлан Табылдиев жакында Москвада өтө турган эр таймашка даярданып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 8-класска көчүп жатат.

«Спортко Аким Токонов деген агамдын аркасы менен катышып калгам. Өзүм бокс, эр таймаш, ушу менен машыгам. Спорт менен алектенгениме 2 жылдан ашты. Акыркы 1 жылдан бери залга барып машыгып, ар кандай мелдештерге катышып келем. Спортко катышып калышыма атам каршы болгон эмес. Апам алигиче каршы. Ушул жылы сентябрда спорт мектебине барам. 27-июлда Москвада эр таймаш боюнча мелдеш өтөт. Азыр Москвага барганга даярданып жатам.

2017-жылы Таласта болуп өткөн эр таймашта 3-орунду алгам. Андан кийин Кара-Суу айылында болгон мелдештен 1-орундун жеңүүчүсү болгом. 2019-жылы Бишкектеги мелдештен 1-орунду алгам. Ошол эле жылы дагы мелдеш өткөрүлүп, 1-орунду алгандар Италиядагы мелдешке жолдомо алмак. Мен 1-орунда болуп, тилекке каршы бара албай калдым. Быйыл Казакстанга 3 жолу мелдешке барып келдим. Биринчи барганымда эрежесиз эр таймашта 1-орундун ээси болгом. Андан кийинкилеринде 2-орунду алдым. Учурда 14 диплом, 10 медалдын ээсимин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×