Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 16.07.2019 13:27

Эл ичи — өнөр кенчи: Азамат мырза грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Жамгырчы уулу Азамат грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерге жетишүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин юридикалык факультетинин 2-курсун аяктады.

«Мени күрөшкө 8 жашымда акем алып келген. Алгач Талас шаарындагы залда машыгып баштагам. Биринчи агайым — Дамир Чынаев. Кичинекей кезимде салмагым оор болгондуктан жашы улуу балдар менен күрөшүп, утулуп калчумун (күлүп). Ал кезде 42 кг салмакта күрөшсөм, азыр 81 кг салмакта күрөшөм. Азыркы учурда 30дан ашык медалым бар. Алгачкы медалымды 12 жашымда 2-орунду алганда алгам. Кыргызстандын жана Казакстандын көп облустарына барып, ийгилик жаратып келдим. Андан тышкары Москва шаарында өткөн турнирге барып катышып келгем. 2018-жылы Баяман Эркинбаевдин элесине арналып Ош шаарында өткөн турнирде спорт чебери наамын алдым.

Негизи спортто көптөгөн кыйынчылык болот. Ар кандай жаракаттарды аласың. Андан тышкары дайыма тамакты ылгап жеп, салмакты кармап туруш керек. Мен дүйшөмбү, шейшемби күнү 2 маалдан машыгам. Шаршемби күнү 1 маал, бейшемби, жума күндөрү 2 сааттан 2 жолу машыгам. Ал эми ишемби күнү тоого чыгып чуркайм. Азыркы учурда август айында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам. Алдыда кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнөлүк чемпионаттарда желбиретким келет», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×