Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 16.07.2019 08:08

Жаш талант: 12 жаштагы А.Момбекова менталдык арифметика боюнча чет өлкөлөрдө өткөн олимпиадаларга чейин катышууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 12 жаштагы тургуну Айганыш Момбекова арифметика боюнча чет өлкөлөрдө өткөн олимпиадаларга катышып келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, быйыл 6-класска көчтү.

«1,5 жылдан бери менталдык арифметикадан сабак алып келем. Эң биринчи арифметиканы сыналгыдан көрүп кызыгып калгам. Атамдарга катышкым келет деп айтып, алар мени ийримге алып барган. Мурда эле математикага жакын болчумун. Эсептерди жакшы чыгарып, кызыккандыктан үйдөгүлөр эч каршы болгон жок. Менталдык арифметикада ар кандай тепкичтерди басып өтөсүң. Эсепти карточкалар менен чыгарганды үйрөнүп, 1 жумадан кийин визуалдык эсеп чыгарганга үйрөтүшөт.

Эң биринчи олимпиадам 2017-жылы Бишкекте болгон. Ал жактан сынакка катышып, 2-орунду алып келгем. Андан соң 6-7 айдан кийин Таиландга барып, ал жактан дагы 2-орунду алгам. 2018-жылы Сингапурга барып, ал жактан да 2-орунду алгам. Ошол эле жылы Ысык-Көлгө барып, ийгилик жаратып келгем. Үйдөн менден кийинкилер дагы математикага кызыгышат. Алар арифметикага катыша элек. Бирок кийин катышат. Келечекте менталдык арифметикадан жеке мектеп ачсамбы деген максаттарым бар. Мугалим болуп балдарга да үйрөткүм келет», - деди ал.

Математик кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×