Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 14.07.2019 08:04

Эл ичи — өнөр кенчи: 17 жаштагы Самара эрте иштеп, өзүнө жетерлик акча табууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылында чоңойгон 17 жаштагы Абдылда кызы Самара Талас шаарындагы сулуулук салондо иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Кайнардагы мектепте 9-класска чейин окугам. Кичине кезимде эле тырмак жасаганды үйрөнөм деп кыялданчумун. Кийинчерээк окууну бүтүп, атайын маникюр жасаганды, чач тегиздегенди үйрөтчү лицейге бардым. Окууга тапшырып жатканда үйдөгүлөрдүн баары макул болуп колдошкон. Улуу акем эле каршы болгон. Мектептен 9-классты бүтүп, кетип жатканда мектеп директору дагы каршы болгон. «Ушул болбогон маникюр-педикюрга окуйсуңбу?» дешкен. Бирок ага карабай, мен өзүм сүйгөн кесипти тандадым десем болот. 2017-жылы лицейге барып, 2018-жылы бүттүм. Бат эле мырзалардын чачын тегиздегенди үйрөнүп кеттим. Окуп жүргөндө мен окуган жердин жанында электрик балдардын окуу жайы бар болчу. Аларга барып, жалдырап отуруп болсо да чачтарын тегиздеп берип, өзүбүзгө тажрыйба топточубуз (күлүп).

Учурда кесибим боюнча иштеп жатканыма 1,5 жыл болду. 1-жылы окуп жүргөндө эле жатаканадагы кыздардын колдоруна маникюр жасап берип, өзүмө жетерлик акча таап алчумун. Азыр апамдар «сен колуңа эрте акча кармап калдың» деп айтышат. Азыр кудайга шүгүр, айылга келсем мектеп директору сүйүнүп, «кыздардын чачын жасап берип» койчу деп калат (күлүп). Урушуп жаткан улуу акем болсо чачын кыскартып бергенде «шыпылдатып аласың го» деп каткырган. Анткени мырзалардын чачын бат тегиздейм.

Үйдө жүргөндө апамдын чачын өзүм эле жарашыктуу кылып кыскартып берип койчумун. Ошондо жеңелерим өздөрүнүн чачтарын кыскартып берчи деп айтып жүрүшчү. Менде болсо убакыт жок жетишпей жүрүп, жеңем өзүнүн чачын өзү кыскартып койгон экен (күлүп). Бири узун, бирин кыска болуп калыптыр. Мен кайра оңдоп кыскартып берсем, жеңем «сага жалдырап жүрүп кыскартчу болдук го» деп күлгөн (күлүп). Айылда шарт жок болгондуктан көп чач кыскарткым келбейт. Бирок аракет кылып кыскартып берем.

Келечекке пландарым көп. Буйруса жогорку окуу жайдан билим алуу, өзүмдүн сулуулук салонумду ачуу пландарым бар», - деди ал.

Самара бийкеч үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×