Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 12.07.2019 13:41

«Бул кыздардын оюну эмес»: 18 жаштагы Элнура чет өлкөлөргө чейин барып футбол ойноп келет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Жөкөн кызы Элнура чет өлкөлөргө чейин барып футбол ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия академиясынын колледжинде педагогика факультетинде 3-курстун студенти.

«Мен 7 жашымдан баштап футбол ойноп баштадым. Мен жашаган жакта футбол аянтчасы бар эле. Балдардын ойноп жатканын көрүп эле кызыгып кеткем. Алгач балдар менен курама команда түзүп ойноп баштасам, 2013-жылдан баштап кыздар курама командасында ойноп баштагам. Футбол ойноп көптөгөн ийгиликтерге жетишип, «Мыкты оюнчу» наамын бир нече жолу алдым.

Алгачкы жеңишим эстен кетпейт. Анда балдар курама командасында ойночу элем. Талас району менен Кара-Буура районунда оюн уюшулган. Ошондо биздин команда жеңип, мен биринчи жолу медаль алгам. Ошондо мага «сен балдардын арасында жалгыз кызсың» деп бир аке 500 сом бергени эсимден кетпейт (күлүп). Алган 500 сомду апама алып барып бергем.

Апам, үйдөгү 2 агам «бул кыздардын оюну эмес» деп каршы болуп, кээде машыгууга да жибербей коюшчу. Ага карабай ойной бердим. Ийгиликтерге жетишип жатканымды көрүп, азыркы учурда колдоо көрсөтүп келишет. Бишкек шаарында өткөн турнирде командабыз 3-орунду ээлеп, мен «Мыкты оюнчу» наамын алгам. Ошондой эле наамды 2014-жылы да Жалал-Абад облусунда алдым. Андан тышкары көп оюндардан ийгиликтерге жетишкем. Талас шаарында өткөн турнирде да Талас шаарынын мэринин ыраазычылык катын алгам.

Азыркы учурда Бишкек шаарында «Илбирс» клубунда кыздар курама командасында ойнойм. 2018-жылы өткөн республикалык чемпионатта 2-орунду алганбыз. 2019-жылы апрель айында командабыз менен Бангладешке барып, 3-орунга илиндик. Негизи чет өлкөдө футболду көрүү үчүн көп эл чогулат экен. Алгач чет өлкөгө чыкканда сүрдөнүү, толкундануулар болгон. Белгилүү спортчу агаларыбыз видео чалуу менен дем-күч берип, ийгилик каалачу. Бирок бутуңа топ тийгенде бардыгын унутасың.

Оюнда ар кандай кыйынчылык болот. Мен бутумдан жаракат алып, 1 жыл бою ойной албай жүрдүм. Футболго финансы жактан колдоо жетишпейт. Эгерде финансы жактан жетишсек команда да күчтүү болмок. Аянтта 11 кыз ойнойбуз. Ал эми командада 23 кызбыз. Дүйшөмбү, шаршемби, жана жума күндөрү 2 сааттан машыгабыз. Алдыда күчтүү оюндар же мыкты чемпионаттар болсо күндө даярданабыз. Режимибиз бир болот. Баарыбыз бир мейманканага чогулуп, чогуу даярданабыз.

Жакында эле машыктыруучулук курстун С категориясынын сертификатына ээ болдум. Сентябрь айынан баштап футбол боюнча машыктыруучу болуп иштейин деп жатам», - деди ал.

Футболчу кыз үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×