Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 05.07.2019 09:57

Таласта жыл башынан бери 6 адам сууга чөгүп каза болгон

Turmush -  Талас облусунда 6 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын төртөө өспүрүмдөр. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы жалпы 9 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын ичинен 6 адам өспүрүмдөр болгон.

«Быйыл, 2019-жылдын башынан ушул күнгө чейин сууга чөгүү боюнча 6 факт катталган. Анын төртөө өспүрүмдөр. Кырсыктын алдын алуу үчүн Кара-Буура жана Талас райондорунда түшүндүрүү жана эскертүү иштери толук жүргүзүлүп жатат.

Балдар лагерлерине, эл көп болгон суу жээктерине барып, коопсуздук боюнча айтып жатабыз. Кооптуу жерлерге эскертүү такталары орнотулган. Милициянын көчмө кабылдамасы (32 миң еврого алып келген унаа) ушундай профилактикалык иштерди алып барууга зор салым кошуп жатат. Ошондой эле айыл өкмөттөрдүн, райондук администрациянын кызматкерлери да жардам беришүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×