Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 05.07.2019 09:07

Таласта ардагер жол көзөмөлдөөчүлөргө сый көрсөтүлдү

Turmush -  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын 83 жылдык майрамына карата Талас облустук ЖККК бөлүмү эс алуудагы ардагер кызматкерлерге сый тамак уюштурду.

ЖККК бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Достук Абдраимовдун айтымында, облуста эс алууга чыккан 30 ардагер бар.

Майрамдык иш-чарага келген 74 жаштагы Куралбек Жусупов: «Көптөн бери чогуу иштеген кесиптештеримди көрө элек элем. Бүгүн сүйүнүп, өткөндү эстеп отурам. Жаштыгыбыз бирге өттү. Күүлүү, күчтүү кезде түнү-күнү кызматта туруп, ынтымакта иштедик. Эң улуубуз Нургазы Райымкулов 82 жашка чыкты. Ушул кызматты аркалаган бардык кызматкерлерди майрамы менен куттуктайм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×