Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 04.07.2019 17:46

Таласта медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Turmush -  Бүгүн, 4-июль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында бир катар адистерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Талас облустук кургак учукка каршы борбору «Мыкты мекеме» наамын алып, 5 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Кара-Буура биргелешкен ооруканасы «Мыкты эмгек жамаат», Бакай-Ата райондук санитардык-эпидемиологиялык борбору «Мыкты санитардык-эпидемиологиялык мекеме» деп табылды. 7 кызматкер Талас шаардык мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Талас шаарынын мэриясынын ардак грамотасын 7 кызматкер алды.

Салтанаттын жүрүшүндө Талас облусуна 146 дарыгер жетишпей турганы да айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×