Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 03.07.2019 22:29 На русском

Таласта кечке маал 30дай адам митинг уюштурду. Видео

Жители собрались возле музыкальной школы
Жители собрались возле музыкальной школы
// Turmush

Turmush -  Бүгүн, 3-июль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин имаратынын алдына 30дан ашык адам чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандар Кыргызстандагы коомдук-социалдык абалдын туруктуулугун талап кылышты. Митингге катышкан Дайырбек Эрмурзаевдин айтымында, учурда провокациялык мүнөздөгү ар кандай интервьюлар таратылып, уруу-урууга бөлүү аракеттери көрүлүүдө.

«Бүгүнкү күндө мындай кырдаалга кайдыгер карабаган жаштар, активисттер, аксакалдар чогулдук. Тынчтык болсун. Биз 3-революцияны көтөрө албайбыз», - деди Д.Эрмурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×