Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 03.07.2019 14:19 На русском

Таласта жол тескөөчүлөр изделип жаткан өспүрүмдү табышты

ЖКККБнын кызматкерлери
ЖКККБнын кызматкерлери

Turmush -  Таласта дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Талас районунун Көк-Ой айылынын 1982-жылы туулган тургуну Д.Н. кайрылган. Ал 2019-жылдын 24-июнь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында 2004-жылы туулган кызы Д.С. үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгонун билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 26-июнда катталган.

Талас районунун аймагында «Өспүрүм-Эмгек» аталышындагы рейд жүрүп, анын алкагында Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже тескөөчүлөрү, милициянын старшиналары Н.Керимбеков менен И.Искендеров С.Д.нын жүргөн жерин аныктап, аны ата-энесине тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×