Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Талас облусу, Талас 24.06.2019 09:09

Талас шаарында мугалим айымдардын арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  22-июнда Талас шаарынын 75 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардагы мугалим айымдардын арасында «Дени сак аял — дени сак улут» деген аталышта волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мелдештин демөөрчүсү Дамира Молдоярова билдирди.

Анын айтымында, мелдешке катышкандарды парламенттин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева куттуктады. Оюнга Талас шаарындагы 4 окуу жайдын мугалимдери катышкан. Жыйынтыгында 1-орунду Талас мамлекеттик университети, 2-орунду айыл чарба колледжи, 3-орунду Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту ээледи. Аларга акчалай сыйлыктар, кубок, дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×