Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 21.03.2019 16:15 На русском

«Альянс Алтын» компаниясы Таласта 250 миң сом байге коюп, көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрдү

Turmush -  Кечээ, 20-мартта Таласта облус жетекчисинин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ноорузга арналган мелдешке «Альянс Алтын» компаниясы башкы демөөрчү болуп, 100 миң сом байге бөлүп берди. Таймашка Таластагы 4 район, 1 шаардын командалары катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун — Кара-Буура району (30 миң сом);

- 2-орун — Манас району (20 миң сом);

- 3-орун — Талас шаары (10 миң);

- 4-орунду Бакай-Ата жана Талас райондорунун командалары ээлеп, акчалай сыйлыкка жетишти.

«Мыкты оюнчу» наамын Манас районунун 1979-жылы туулган тургуну Мидин Арыкбаев алды. Ал эми Кара-Буура районунан келген Чабалекей аттуу аргымак «Мыкты күлүк» аталды.

Мындан тышкары бүгүн, 21-март күнү Нооруз майрамына карата «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан Бекмолдо айыл өкмөтүндө 150 миң сом байге коюлуп, көк бөрү уюштурулду. Мелдеште Хан-Бүргө, Кеңеш, Сасык-Булак, Кара-Ой айылдарынын командалары ат салышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө байгелерди «Альянс Алтын» компаниясынын атынан башкы директордун орун басары Ойтал Осмонов менен Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×