Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 11.10.2018 09:29

Таластагы бош турган эт комбинатта өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндөгү №2 даректе жайгашкан «КАК» ААКка тиешелүү эт комбинаттын имаратында өрт чыккан. Иштетилбей турган комбинаттын 40 чарчы метр ички жасалгасы күйүп кетти. Адамдар жаракат алган жок, учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында короодо жыйылган 231 түк чөп күйүп кетти. Өрттү от менен ойногон жаш балдар чыгарган. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×