Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 09.10.2018 11:29 На русском

Президент С.Жээнбеков иш сапар менен Талас облусуна барды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот. Ага катар эле төө буурчакты кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат. Андан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×