Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 08.10.2018 13:34 Жаңыланды: 08.10.2018 18:07

Жеңеке: Таластык Урумкан жеңе каймак сызгырганды унутуп коюп, кайын энесинен тил укканын унута элек (фото)

Turmush -  Талас шаарында жашаган 58 жаштагы Оргараева Урумкан жеңе жаңы келин болгон учурда каймактын майын сызгырып жатканын унутуп койгондо кайын энесинин урушканын азыр да унута элек. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Калинин айылында чоңойгон.

«Мектепте билим алып жүргөндө классыбызда Тытын аттуу шок, тайманбас балабыз бар болчу. 5 кыз алдыңкы партада отуруп, жакшы окуйт элек. Тытын классташыбыз тапшырмалар боюнча жардам сурап калганда көмөктөшчүбүз. «Жардамыңарга ыраазычылык билдирип бетиңерден өөп коеюн» деп мектепти тегеретип кубалап эле жүрчү. Жолукканда «мектепти бүтүп кеткенче кубалап жүрүп бетиңерден өбө албай калдым» деп күлүп калат. Азыр ал токтоо, сабырдуу чоң ата болуптур», - деди ал.

Урумкан жеңе 1979-жылы Талас районуна караштуу Кара-Ой айылына келин болуп келген.

«Жолдошум менен ата-энемдин өкүл кызы тааныштырган. Жолдошум мээнеткеч, балдарга жана үй-бүлөгө камкор адам. Кайын ата жана кайын энемдер менен 5 жыл чогуу жашадык. Учурда Таласта жашап жатабыз. Азыр эстесем кайын ата жана кайын энемдер мага көп нерселерди үйрөтүп, тарбия беришкен экен. Кайын энемден боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаларын тигип, оймо салганды үйрөндүм.

Жаш кезимде бээ саап көргөн эмес элем. Келин болуп келгенде бээ сааганды үйрөнүп калдым. Башында оозеки түшүндүрүп эле коюшкан. Кайын энем 3 бээни саап, челекти ичиндеги сүтү менен мага берип, төртүнчү бээни саа деп айткан эле. Саап баштаганда эле бээ бутун көтөрүп жиберди. Чалкамдан жыгылып, челегим ыргып түшүп, сүт өзүмө куюлган. Аябай уялып, ызалангам. Кээде ошол окуяны эстеп, күлүп калам.

Бир жолу кайын энем казанды толтуруп каймак салып сызгыр деп айтты. Сызгырып жатканда үйгө кирип, баланы карап отуруп унута калыптырмын. Баягы казандагы каймак катуу кайнап, көбүктөнүп ашып, баары жерге төгүлүп калган экен. Ошондогу кайын энемдин ачууланып урушканын унутпайм», - деди ал.

Урумкан жеңе 3 уул, 2 кыз, 9 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×