Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 08.10.2018 10:05

Жаш талант: Таластык Арина ата-энесине айтпай комуз үйрөнүп, азыр салтанаттарга катышууда (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 13 жаштагы Мирбек кызы Арина бий менен машыгып, комузда кол ойнотуп келет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 7-класстын окуучусу.

«5 жылдан бери Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Лариса Жапаровнадан бий боюнча билим алып жүрөм. Көбүнчө кыргыз улуттук бийлерине басым коем. Бийлеп калуума менден 2 жаш улуу Айтолкун деген аталаш эжем түрткү болгон. Ал эжем чимириле мыкты бийлейт. Эжемдей бийлесем деп кызыгып калдым.

Талас шаарында өткөн бир нече кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. Бир нече грамота, сертификаттарым бар. Ата-энем кандай иш-чара, сынактарга катышпайын дайыма жанымда жүрүп, колдоп турушат. Апам Зуураш Киргабакова форма тиктирип берип турат.

Мындан тышкары, 2 жылдан бери комузда кол ойнотуп келем. Комуздан билим берген Абылгазиева Асел эжемдей мыкты комузчу болсом дейм. Ата-энем башында комуз үйрөнүшүмө аршы болушкан. Мен ата-энеме айтпай үйрөнүп жүрө бергем. Кызыгуум күчтүү болгондуктан, бат эле ноталарды таанып, көп күүлөрдү чертип калдым. Кийин ата-энем талантымды байкап, комуз сатып беришти. Буга катар «Музыканын адабияты» деген кошумча сабакка барып, музыка жөнүндө тереңирээк билим алып жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле башынан өткөн кызыктуу окуяларды эскерди.

«2017-жылы Балдарды коргоо күнүнө карата аянтта өткөн концертте бийчилер менен бирге бийлеп чыкмак элем. Колдорума мончоктуу билериктерди тагып алгам. Майда зымдарына көйнөгүмдүн этеги илинип калып, көйнөгүм көтөрүлгөн бойдон бийледим. Алды жакта отурган көрүүчүлөр күлүшкөн. Ошондон кийин колума эч нерсе такпай калдым.

Быйыл 9-майга карата концерт болуп, анда мен комуз чертип, концерттин башында бийлегем. Менин чыгарымды айтканда шашып кетип, кыска көйнөгүмдүн ичинен узун юбкамды чечпестен чыгып кетиптирмин. Сахнадан байкап калып, ыңгайсыз болгом.

Келечекте эл аралык сынактарга катышып, мыкты комузчу жана бийчи болсом дейм», - деди ал.

Арина үй-бүлөдө 4 кыздын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×