Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 05.10.2018 17:12

Жеңеке: Таластык Загира жеңе кайын энеси менен бирге күнүнө 30 уй саачу (фото)

Turmush -  Талас шаарында жашаган 39 жаштагы Козубекова Загира жеңе жаңы келин болгондо кайын энеси экөө 30 уй саашчу. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында чоңойгон. 1997-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылына келин болуп барган.

«Жолдошумдун бир тууган эжеси биздин айылда жашачу. Жолдошума мен жөнүндө айта берчү экен. Бир күнү жолдошум мени менен таанышам деп эжесинин үйүнө келет. Ал учурда апам экөөбүз коңшу Маданият айылына кеткен болобуз. Жездеси экөө ат арабасы менен биздин артыбыздан ошол айылга барышыптыр. Биз кайра үйгө келүү үчүн аялдамада турганда жолугуп, үйгө чейин жеткирип коюшкан. Экөөбүз ошол күнү таанышканбыз.

Кайын ата, кайын энемдер менен 9 жыл чогуу Кең-Арал айылында жашадык. Кайын энем «жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн» деп тарбиялачу. Уй саагандан баштап, оюм оюп, туш кийиз жасаганды үйрөндүм. Кайын энем чоң канаттуу боз үй жасачу. Боз үйдүн үзүктөрүнө ыскыт басып, сайма сайчубуз. Таң заардан туруп, чийге жүн салып, кийиз жасачубуз. Ошол боз үйлөрдү азыркыга чейин айыл тургундары колдонуп жүрүшөт. Кайын атам фермер адам болгондуктан, күнүнө 30 уй саачубуз. Чөп чөмөлөп, жыйначубуз.

Жолдошум Токтогул Жусупбеков балдарга камкор, түшүнүктүү, ак көңүл адам. Учурда 2 уул жана 2 кызды тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кызыктуу окуяларды эскерди.

«Мен велосипед тээп көргөн эмес элем. Айылда жүргөндө жолдошум велосипед тепкенди үйрөтөм деп мени сүйрөп бара жатып кое берип жиберди. Эңкейиш болгондуктан токтото албай элдин көзүнчө кулагам. Ыйлай албай же күлө албай, кызарып туруп калгам. Жолдошум экөөбүз ошол учурду эстеп күлүп калабыз.

Келин болуп келгенде апта өтпөй түшкү тамактанууга казанга картошка куурудум. Капкагын жаап кетип калгам. Жарым сааттан кийин бышып калды го деп идиштерге салсам эле катуу картошкалар дагы аралашып жүрөт. Көрсө тамактын ортосу бышпай калыптыр. Мен болсо бышпай калгандарын тере баштаганда абысыным келип калды. Экөөбүз бат-баттан бышпагандарын эч кимге көрсөтпөй жеп, жумшактарын дасторконго бергенбиз», - деди Загира жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×