Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 05.10.2018 16:22 На русском

Талас шаарындагы аксакалдар дүкөн талашып, президентке кайрылуу жасашты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Талас шаардык аксакалдар коомунун жетекчиси Жапар Жузупбеков баш болгон аксакалдар Талас шаардык аксакалдар кеңешинин чайканасынын талашы боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.

Жапар Жузупбековдун айтымында, бул чайкана Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлерине 1992-жылы өткөрүлүп берилген.

«2002-жылдан баштап ардагерлерден ижарага алып мен иштетип келгем. Анан талаш башталды. Мен өзүмө деген жерим жок. Талас шаарынын аксакалдарына берсе, баарыбыз чогула турган жай болот эле. Күн жылууда чогулуп жатабыз. Бул жерди Г.Ж. аттуу аял өзүнүн баасынан 10 эсе арзан кылып, 1800 сомго алып койгон экен. Документтеринде №28 дүкөн деп турат. Ал чийилип, №26 деп оңдолгон экен. 2017-жылы Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын токтому менен бул жер боюнча 1992-жылы ардагерлерге деп чыккан буйрук күчүндө деп бекитилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин талашып бүтпөйбүз.

Жогорку сотто бул иш 3 жолу каралды. Баарында сотко барып жатабыз. Бирок бир шылтоолор менен сааты жылып, биз катышпай калабыз да, экинчи тарапка чечилип калып жатты. Ушул маселени тергөө органдары да карабайт. Биз адилеттикти, калыстыкты самап, президентибизге кайрылуу жасап кеткибиз келет», - деди ал.

Аксакалдардын бири Сүйүнтбек Багышбековдун айтымында, бул дүкөндүн маселеси боюнча 8 жылдан бери 12 сот отурумуна катышкан.

«2010-жылдан бери бул уюмдамын. Бул дүкөндүн маселеси боюнча 8 жылдан бери 12 сотко катыштым. Бүгүнкү күндө сотко ишенүү болбойт. Дүкөндү сатып алган Г.М.нын жолдошу «мен сотту сатып алдым» деп айтып жатат. Бул жерди менчикке чыгарып алуу туура эмес. Бүгүнкү күндө дүкөндү бузуп баштады. Биз аксакалдар бул маселени президент гана чечерине ишенебиз», - деди ал.

Талас шаарынын мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, дүкөн аукциондун негизинде Г.Ж.га сатылган.

«Бул №26 дүкөн Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. Аукцион болуп, №226 буйрук менен Г.Ж.га сатылган. Күбөлүктө №28 деп жазылып калып, кайра ошол эле 1999-жылы мамлекеттик фонд тарабынан №26 деп оңдолгон. Бизде мамлекеттик каттоодо 2002-жылдан бери Г.Ж.га таандык деп катталып турат», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми дүкөндү сатып алган Г.Ж.нын жолдошу Жайлообек Саякбаевдин айтымында, Жапар Жузупбеков имаратты алардан 2 жылга ижарага алган. Кийин бошотуп бер десе бошотпой, соттошуулар башталды.

«1998-жылы 28-октябрда Мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан коммерциялык сынак өткөрүлгөн. Менин жубайым конкурска катышып, 1800 сомго сатып алып, токтомдун негизинде менчик укугуна ээ болгонбуз. Ошол кезде Жапар Жузупбеков аттуу киши 2 жылга менден ижарага алган. Бошотуп бер деп келсем чыкпай соттоштук. КРнын Жогорку сотунда ар кандай жагдай менен 6 жолу сот өтүп, баарында мен тарапка чечилди. 2006-жылы мажбурлап бошотуу боюнча чечим чыккан. 2 жыл мурун мажбурлап бошотуп беришти. Бүгүнкү күндө ичинде оңдоо иштерин жүргүзүп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×