Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 04.10.2018 17:30 На русском

Таласта БШКнын өкүлү А.Нусупалиев көз жумду

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Таластагы өкүлү Нусупалиев Абылгазы Бешкемпирович 62 жашында каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Ал 1972-жылдан тарта 2007-жылга чейин билим берүү тармагында иштеген. Бир топ жетекчилик кызматтарды аркалады.

2011-жылдан тарта КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Таластагы өкүлү болуп иштеп баштаган. Ал 3-октябрь күнү оорудан улам көз жумду. Сөөгү эртең, 5-октябрь күнү өзү туулган Талас районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилет», - деди жакындары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×