Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 04.10.2018 16:01

Жаш талант: Э.Осмоналиев бийчилик, сүрөтчүлүк өнөрлөрү менен сынактарга катышууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Эржан Осмоналиев бийчилик өнөрү менен ийгилик жаратууда. Аймактык кабарчы бийчи жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 9-класста окуп жатат.

«Бий чөйрөсүндө жүргөнүмө быйыл толук 3 жыл болду. 1-классымда лезгинка бийин мектептик иш-чараларда бийлеп жүрдүм. 2-класстан баштап сүрөтчүлүккө кызыгып кеттим. 2015-жылдан баштап Атай Өмүрзаковдун бийлерин көрүп, бийге кайрылып келдим.

Мен таенемдин колунда чоңойдум. Таенем Орунбү Үсөнова даанышман адам. Бийлеп калышыма таенем түрткү болгон. Ал «сенин бийге шыгың бар, талантыңды көрсөтө бил» деп айтып калат. Өзү кары адам болсо дагы мага дем берип, колдоп келет. Кыргызстандык дүйнөгө таанымал бийчилер Жан Воинов менен Атай Өмүрзаковдун стилдерин жактырып, ошондой стилдерде бийлеп келем.

2017-жылы «Мен кыргызстандыкмын» деген сынакта Талас облусу боюнча 1-орунду алып, республикалык туруна катышып келдим. Тажрыйба топтоп, машыгуунун арты менен 2018-жылы жай мезгилинде бул сынакка кайрадан катышып, облустук жана республикалык турларынан 1-орунга ээ болдум. «Короли танцпола» деген сынактан финалга өтүп, 3-орунду алганбыз. Ал учурда команда менен биргеликте бийлегем.

Бийден тышкары сүрөт тартам. Көптөгөн сынактарга катышып, диплом, грамоталарга ээ болгом. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына сүрөт тартып катышып, 3-орунга илингем. 2018-жылдагы Көчмөндөр оюндарына сүрөт боюнча 2-орунга ээ болдум. Ал жактан жорго салыш оюну менен Таластагы Беш-Таш көлүн, жаратылышты жуурулуштуруп тарткам. ЮНЕСКО уюштурган Орто Азия боюнча 30 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда сүрөт сынагында байгелүү орунду алдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бийлеп жаткан учурдагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Мен кыргызстандыкмын» сынагына катышып жатканда сахнага онунчу болуп чыкмакмын. Түндөп Таластан Бишкекке жол жүргөндүктөн уйкум келип жатты. Мен чыгар убак болгондо өзүмдү бетке чапкылап, денемди чымчылап жатып сахнага чыгып кеткем. Бийлеп бүткөндөн кийин чымчыган жерлерим аябай ооруган. Таластын драма театрында бир концерттик кечеде бийлеп жатканда музыка чыкпай калган. Музыка токтогон сайын катып туруп калып, иштегенде бийлеп кетип жаттым. Кырдаалдан билгизбей чыккам.

Келечекте бий, сүрөт тартуу боюнча көптөгөн сынактарга катышып, кыргыз элиме пайда алып келсем дейм», - деди ал.

Бийчи-сүрөтчү жигит үй-бүлөдө 3 бир тууган. Алдыда архитектор болууну көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×